Марлен Маматалиев Жапониянын Сенатынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 121

23-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути менен жолугушту.

Жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев быйыл Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүнө 34 жыл болгонун белгилеп, бул аралыкта өз ара ишенимге жана достукка негизделген бекем өнөктөштүк калыптанганын айтты.

«Биз Жапония менен ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Депутаттык достук топторунун өз ара сапарлары, үзгүлтүксүз диалог жана тажрыйба алмашуу эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт», — деди ал.

Ошондой эле Төрага Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун маанисине токтолуп, жапон тарапка көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.Возможно, это изображение Овальный кабинет и текст

Кыргызстандын тоолуу мамлекет катары тоо экосистемаларын коргоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев келерки жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине Жапониянын жогорку деңгээлде катышып, демилгелерди колдооруна үмүт артты. Мындан тышкары, Масакудзу Сэкигутини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Жапониянын Парламентинин Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути кыргыз парламенттик делегациясы менен жолугушууга кубанычта экенин билдирип, парламенттер аралык дипломатия эки өлкөнүн мамилелерин бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ал Жапония Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттардагы артыкчылыктуу тармактарга токтолду.

Муну менен катар Масакудзу Сэкигути Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, өлкөдөгү акыркы экономикалык жетишкендиктерден кабардар экенин билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн парламенттериндеги депутаттык достук топторунун жетекчилери да сөз сүйлөп, кызматташтыкты бекемдөө боюнча сунуштарын ортого салышты.

Жолугушуудан кийин кыргыз парламенттик делегациясына Императордук зал тааныштырылып, Жапониянын Сенатынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле делегация жыйындар залын жана парламенттин музейин көрдү.

Жолугушууга депутаттар Талайбек Масабиров, Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Бурул Аманова, Максат Алымбеков жана Эрулан Кокулов катышты.

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X