"Эркин-Тоо"

Маршруттук таксилердин көбү каттамга чыкты

Бишкек шаардык мэриясы  маршруттук таксилердин кечээ  6-июндан тартып каттамга чыга баштаганын билдирди. “4 күндүк иш таштаоодон кийин да жол кире акысы 10 сом бойдон калды. Өзүмбилемдик менен жол кирени көтөргөн айдоочулар, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирмалар мыйзам алдында жоопкерчике тартылат», деп айтылат маалыматта. Бишкекте жүргүнчүлөргө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Анда үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт.  Жол кире акысын көтөрүү боюнча  Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов “Маселе шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандыктан убагында каралбай калды. Мэриянын жол кире тууралуу өз алдынча чечим кабыл алууга укугу жок”,-деп билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!