Март айында кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алышат
Март айында кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алышат. Календарь боюнча, 8-март — Аялдардын эл аралык күнү шейшембиге туш келет. Ал эми 21-март — Нооруз майрамы дүйшөмбүгө туура келгендиктен, эс алуу күнү катары белгиленет. Ал эми 26-март, ишемби — иш күн. Себеби, 26-марттын эсебинен 6-январь эс алуу күнү деп жарыяланган.