Медалдык эсеп боюнча биринчи орунга Норвегия чыкты

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 49

Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында медалдык эсеп боюнча биринчи орунга Норвегия чыкты. Норвегиянын капчыгында 12 алтын медал бар. Бир күндө жалпы 9 комплект медаль ойнотулган. Экинчи орунда 9 алтын медалы менен Германия келе жатат. АКШ үчүнчү орунда.

Бүгүн да спорттун беш түрү боюнча 8 комплект медал ойнотулуп, биздин өлкөдөн барган спортчубуз тоолыжачысы Максим Гордеев жарыш тилкесине чыгат. Жарыш Бишкек убактысы боюнча 8. 15 те башталган. Экинчи жарыш 11.45 ке белгиленген.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X