Медербек Сатыев: «Сот иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбашы керек»

16-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Сот иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбашы керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Кызыл-Кыя шаардык сотуна барганда билдирди. Анын айтымында, судьялардын ичинен төраганын караган иштеринин күчүндө калышы ушул жылдын 9 айында 89%ды түзгөн.

“Укугу бузулган жарандар, аны калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылат. Соттор мыйзамдуулукту сактап, адилеттүү жана негиздүү чечимдерди чыгарышы керек. Андыктан, иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбоо керек”, — деди ал.

Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Манасбек Дарманкулов сотто 3 судья эмгектенип, көбүнчө баңгизат, экстремизм, алимент, мыйзамсыз курулуштар боюнча иштерди карап жатышкандыгын айтты.

16-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X