Медиа Холдинг «Пирамиданын» 30 жылдык мааракеси белгиленди
25-майда телеканалдын мааракеси Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышты. Пирамида телеканалы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы коммерциялык телерадиокомпания катары негизделген. Теле каналдын программалары жана берүүлөрү өз көрарман журтун маалымат менен камсыздап жатат. Бул иш- чаранын алкагында ишинде артыкчылык көрсөткөн каналдын кызматкерлерине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылып, концерттик программа менен коштолду.