Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 20-декабрда Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты. Форумда медиа тармагынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Ошону менен бирге аймактык жана глобалдык кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү, аймактык бир тектүүлүктү издөө процессиндеги акыркы тренддер жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, жаңы медианын өнүгүүсү, жасалма интеллект технологиясын колдонуу, Борбор Азияда креативдүү индустриянын келечеги, медиа сабаттуулук жана аялдардын медиадагы ролу тууралуу маселелер ортого салынды. Ошондой эле, аталган тармакта катышуучу тараптар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. «Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин лидерлеринин саясий эрки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана региондук кооперацияны жана интеграцияны тереңдетүү зарылдыгын түшүнүү да бар экендиги айдан ачык» деди Сүйүнбек Касмамбетов. Борбор Азиянын региондук бирдейлигин, интеграциясын жана кооперациясын аныктоо боюнча көйгөйлөрдү чечүү салмакталган мамилени жана план ченемдүү ишти талап кыларын да белгилеп өттү