"Эркин-Тоо"

Медицина илимдеринин кандидаты, аритмолог Курбанбек Калысов: “Өзүндө жүрөктүн аритмиясы бар экенин көпчүлүгү билбейт”

Маектеш тууралуу

Калысов Курбанбек Абдышүкүрович – Баткендин кулуну. 42 жашта. Орус-Кыргыз славян университетинин медициналык факультетин 2006-жылы аяктаган. Андан кийин Москва шаарында ординатурадан өткөн. Москвадагы дүйнө жүзүнө белгилүү А.Н. Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы улуттук медициналык илимий борборунда 10 жыл иштеп, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Азыр адамдар арасында “уктаган бойдон кете бериптир же рульда машина айдап баратып жүрөгү токтоп калыптыр. Кечээ эле көргөм, ошол өтүп кетиптир” деген жагымсыз кабарларды көп укчу болдук. Бул нерсе жүрөк ооруларынын кесепетинен болсо керек деген ой менен Улуттук кардиология борборунун дарыгери, аритмолог Курбанбек Калысовго кайрылдык. Ал аталган борбордо аритмолог дарыгерлигин аркалоодон сырткары, хирург катары жеке клиникалардын чакыруусу менен жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушуна, ритмди калыбына келтирүү боюнча Ош, Жалал-Абадда жана борбор калаабызда тынбай операцияларды жасайт. “Адамды сөзүнөн тааны” дегендей, Курбанбек мырза кырктын кырынан жаңы ашса да жогорку адистешкен аритмолог катары медицинада чоң эмгек жасаганын кебинен байкадык. Анын тажрыйбасы мол, абдан күчтүү, дасыккан, колу жеңил дарыгер экендигин угуп жүрөбүз. Сапаттуу жана натыйжалуу ыкмалар менен дарылоо максатында дарыгер жаңылануунун үстүндө жыл сайын бир нече ирет дүйнөлүк деңгээлдеги ири конференцияларга, чоң-чоң иш чараларга байма‑бай барып, активдүү катышып турат. Дарыгердин убактысы чектелүү экенине карабай, аны менен жүрөк аритмиясынын себептери, диагностикасы, согуу ыргагынын бузулушу, андан кийинки кесепеттери адамды кандай абалга алып келээри тууралуу маектештик.

– Курбанбек Абдышүкүрович, аритмия деген эмне жана бул оору менен ооругандарды бизде кандай дарылашат? Натыйжалуу ыкмалар менен дарылоо үчүн билимиңизди жаңылап, өркүндөтүп турат экенсиз.

– Аритмия бул жүрөк оорусунун акыркы жетишкендиктери десем болот. Ал кардиологияда жогорку математика дегендей эле маанини туюндурат. 2017-жылы Кыргызстанда аритмия боюнча өз ишмердүүлүгүмдү баштагам. Натыйжада, дүйнө жүзү жетишкен нерсеге биз да жетиштик. Жүрөктүн эң татаал аритмиясын азыр Кыргызстанда дарылай алабыз. Себеби, бул боюнча оорулуулардын чет өлкөлөрдөн жасатып келген операцияларынын айрымдарын биз кайрадан жасадык. Белгилей кетсем, баары ийгиликтүү болду. Аритмиянын акыркы ыкмалары, жетишкендиктери боюнча билимимди тереңдетүү, тажрыйба алмашуу максатында Америка, Европа, деги эле дүйнө жүзүндөгү өткөн чоң-чоң иш-чараларга, конференцияларга жылда бир нече жолу барып катышып турам. Жакында эле Дубайга барып келдим. Февралдын аягында Кытайга барам. Медик болом деген жаштар көп. Аларга айтаарым, ден соолук өтө татаал маселе. Андыктан билимди абдан өркүндөтүү керек. Талбай көп-көп окугула, изденгиле демекчимин.

Эми бул дарт боюнча айтсам, оорулуулар абдан эле көп. Бирок бизде дартты коюу ыкмаларынын аздыгынан көпчүлүк адамдардын бул дүйнөдөн өтүп кеткен учурлары көп кездешет. Адамдар өз ден соолугуна кам көрүп, дарыгерге өз убагында келип көрүнүп турушса, оорулуулар мынчалык көп болбойт эле. Өзүнө өзү кайдыгер болбой, убагында келип кайрылышса, албетте дартын аныктап коюп беребиз. Кардиограмманын 1 күндүк мониторун тагып, анын натыйжасында дарт аныкталат. Кээ бир учурларда ошол дагы жетпей калса, кичинекей датчик коёбуз. Андан кийин ага жараша кайсы ыкма менен дарылоо туура келээрин сунуш кылабыз. Жүрөк ыргагынын бузулушунун түрлөрү көп. Кээ бир адамдардыкы төрөлгөндөн баштап бар болсо, кээ бириники кийин бузулат. Ал эми улгайган адамдардыкы карылык куракка байланыштуу болот.

Жүрөктүн ыргагынын бузулушун – аритмиясы бар экендигин көпчүлүк адамдар өзү байкабайт дагы, билбейт дагы. Бул нерсенин аягы инсульт оорусуна алып келиши ыктымал. Жүрөктөн алган инсульттун бул түрү шал оорусуна, майыптыкка алып келет же адамдын өмүрүнө чоң коркунуч туудурат. Адамдар качан гана дем жетпей кысылганда, башы айланып кан басымы жогорулаганда же кээде басып баратып эле эс-учун жоготуп жыгылып, өзүн начар сезгенде гана дарыгерге, невропатологго кайрылышат. Невропатолог өзүнүн дартын так аныктоо үчүн жүрөк доктуруна да жөнөтүп, анан бизге келгенден кийин бейтаптардын көпчүлүгүндө жүрөктүн аритмиясы бар экендиги аныкталат. Көбүнчө эси ооп жыгылып, дарты так аныкталбаган бейтаптар көп. Бир жери ооруп, бирок доктурга көрүнсөм баары жакшы экен деп жүргөн адамдарды жолуктурсаңыздар керек. Аларды дени сак деп айтууга болбойт. Биз ошондой диагнозу так коюлбаган адамдардын терисинин астына кичинекей аппаратты салып коёбуз. Ал 3 жылга чейин жүрөктүн кандай сокконун, иштегенин жазып, маалымат берип турат. Эси ооп жыгылып кала берчү бир адамга ушул ыкманы пайдаландым эле, 6 айдан кийин эси ооп жыгылганы дагы кайталанды. 10 секундга чейин жүрөгү токтоп калган учурлар болгонун аппараттан окудук. Анын натыйжасында ал кишиге электрокардиостимулятор коюп, өмүрүн сактап калууга себепкер болдук.

Хирург катары мен өзүм жүрөк бат согуп тахикардия болуп, бир учурда токтоп калып, кан басымы төмөн түшүп, эс-учун жоготкон оорулууларга операция жасайм. Радиожыштыгындагы
аблация деп коёбуз. Ичке катетр менен тамыр аркылуу кирип, аритмия берген участокторду күйгүзүү жолу менен операция жасалат. Мындай жол менен операция жасаткан адам оорудан  толук айыгып кетет.

– Бул операция мурда бизде жасалган эмеспи?

– Ооба, бул операциялар мурда Кыргызстанда жасалган эмес. 2018-жылдан бери жасала баштады. Азыр жылына 500-600дөй адамга операция жасайм. Ага чейин биздин жарандарга Түркия өлкөсүнөн келип операция жасап жүрүшкөн же чоң акча берип чет өлкөлөрдөн жасатып келишкен.

– Жүрөктүн жай согуп калганы да коркунучтуубу?

– Албетте, бул дагы опурталдуу. Себеби, жүрөк жай согуп олтуруп, акыры токтоп калышы ыктымал. Анын түрлөрү көп.

Сол жактагы акырек сөөктүн астынан аппараттын 1,5-2 миллиметрлик ичке 2 зымы тамыр аркылуу жүрөккө кирет. Жүрөктүн жай согуусу жүрөктөгү нерв системалары менен байланыштуу болсо, аны да күйгүзүү ыкмасынын жардамы менен согуу ыргагын калыбына келтиребиз. Мындай операциялар жергиликтүү (местный) анестезия менен жарым саатта жасалат.

Инфаркт алгандардын 15‑20%ы алгач аритмияга чалдыгышкандар. Инфаркт оорусу менен ооругандар бир күндүк монитор тагып, жүрөктүн согуу ыргагын көзөмөлдөп жүрүүлөрү керек. Себеби, аларда жүрөктүн кокусунан токтоп калуу коркунучу бар. Аларга эле эмес, айрыкча 40 жаштан өткөндөргө да жүрөктүн согуу ыргагын, кантип согуп жатканын ден соолук үчүн билип жүргүлө деп айтаар элем. Жок дегенде тамырын кармап, пульсу кандай согуп жатканын байкап жүрүшсө жакшы болот. Себеби, мага кайрылган бейтаптардын ичинен 30 жаштагылардын, комиссиядан өтүп жатып кокусунан келген жаш жигиттерден аритмия болгондору кездешет. Ушул жагдайларды эске алганда, биздин калкыбыздын арасында жүрөк кан тамыр оорулары менен ооруган адамдар абдан көп.

– Азыр 40 жаштын тегерегиндегилерде күтүүсүздөн каза болгондор көп. Мунун себебине да токтоло кетсеңиз. Жүрөктөн алган инсульт эмнеге алып келет жана эмне себептен бул оорулар көп болуп жатат?

– Эгерде адам 1 сааттын ичинде кокусунан көз жумса, 100% жүрөктөн өлгөн болот. 3-4 саат же андан ашык убакытта кетсе, анда ал башка оорулардан болушу мүмкүн.

Азыр инсульт алып ооругандар абдан көп. Алардын ичинен 30-40%ы алгач жүрөктүн аритмиясынан кийин инсульт болгондор. Бул оору эч качан жеңил болбойт. Ишемиялык оор түрүн алышат. Бул шал оорусуна алып келет. Мындай оорулуулар дарыгердин айтканынан чыкпай, жазып берген дарыларды калтырбай ичип жүрүүлөрү зарыл.

Оорулуулардын көп болгонунун эң биринчи себеби – кыймылдын аздыгы. Оозу-мурдубузду жаап же таңып койсо биздин денебизге кычкылтектин абдан керек экендигин саналуу гана секунддардан кийин билебиз. Ал эми суунун керектигин 2-3 сааттан кийин сезебиз. Бирок, кыймылдын керек экендигин билбей жүрө беребиз. Ал дагы бизге аба менен суудай эле керек. Анын аздыгынан көп ооруларга чалдыгып, кыймылсыздыктын кесепетинен өмүрдүн кыскарып жаткандыгын аңдабаганыбыз абдан жаман. Тамак-аш маселесинде, ундан жасалган азыктарды, углеводдорду өтө аз колдонушубуз керек.

Айтайын дегеним, Кыргызстанда ушул дарт менен ооруган миңдеген адамдардын дартын так аныктап, инсультка жеткирбей алдын алсак өтө чоң жумуш жасаган болоор элек. Адамдар инсультту алып калгандан кийин майып болуп калышат да, эң биринчи өзү кыйналат, анан жакындарын кыйнайт, мамлекет алар үчүн каражат бөлөт деген сыяктуу көп маселелердин түйүнү чечилбей турат. Себеби, ооруну дарылоодон көрө алдын алуу оңой болот эмеспи.

 

                                                                                                                                                  Бактыгүл Кулатаева

Пример HTML-страницы