Медицина кызматкерлерине көп кабаттуу турак жай салынат-ФОТО

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 45

26-мартта, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башка бир катар жетекчилер медицина кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, медицина кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак жай Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Объектини пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган сегиз кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу каралган», — деди Бейшеналиев.
Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгилеген.
28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X