Медициналык окуу жайлардын 17си жабылат

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 46

Өлкөдөгү медициналык билим берген 17 менчик жогорку окуу жай жабылат. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттык” радиосуна берген маегинде билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, окуу жайларды жеке өзү текшерип,  профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы шарттуу талаптарга жооп бергендер гана калтырылат. Ал эми жабыла турган окуу жайлардын студенттери окуусун сертификациядан өткөн окуу жайлардан уланта алышат.

Министр окуу жайларды ачуу чоң бизнеске айланганын, бирок аларда билим берүүнүн сапаты төмөн болгонун кошумчалады.

«Бизди 10-15 жылдан кийин кимдер дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Чала сабат болуп окуп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго зыян келтирет”.

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда медициналык билим берүүчү үч мамлекеттик жогорку окуу жайы бар. Алар – Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери. Алардын тышкары медициналык билим берүү багытында иштеген 21 менчик окуу жайы бар.

Белгилей кетсек,  Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда Пакистан, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузия мамлекеттеринен келген студенттер дагы билим алышат.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X