Мээрим Жуманазарова Түркиядагы эл аралык мелдеште күмүш байгеге татыды

26-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 64

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште күмүш медалдын ээси болду.

Жарым финалда Жуманазарова россиялык Ханум Велиева менен беттешти.

Ал эми финалдык кармашта ал нигерниялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп,  0:3 эсебинде утулуп калды.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан катышууда.

26-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 64
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X