Мээрим Жуманазарова жарым финалга өттү
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдешинин жарым финалына чыкты.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 24-27-февраль күндөрү Стамбул шаарында өтүүдө.
Жуманазарова 68 салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгачкы россиялык Татьяна Смоляктын далын жерге басып, жеңишке жетти.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып, алгачкы атаандашы бразилиялык Лаис Нунеске 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарты. Эгер бразилиялык спортчу финалга чыкса, кыргызстандык балбан кыз коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Ал эми Айпери Медет кызы турнирдин чейрек финалына чыкты.
Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.