Мейкинбек Абдалиев депутаттык кызматына киришти

Бүгүн, Жогорку Кеңеште Мейкинбек Абдалиев ант берип, депутаттык кызматына киришти. Ал жакында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган Равшанбек Сабировдун ордуна эл өкүлү болуп келди.

Эскерте кетсек, Абдалиев буга чейин VI чакырылышта бир жылга жакын мөөнөткө депутат болгон.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X