Ички иштер министрлиги мектептеги рэкетчиликке кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертип, социалдык видеотасма таратты.
Билдирүүдө «Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо), башкача айтканда, башка бирөөнүн мүлкүн ачыктан-ачык ээлеп алуу, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүүнү опузалап талап кылуу, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат», — деп айтылат. Бул кылмыштарга байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилиги 14 жаштан башталары кошумчаланды.