Мектептерде эмне себептен ысык тамак берилбей калды?

Азык-түлүк кымбаттагандан бери, айрым мектептерде ысык тамак берүү токтотулуп, окуучуларга булочка жана компот гана бериле баштаган.  Бул тууралуу парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутат Айгүл Айдарованын суроосуна жооп берип жатып маалымдады.

Окуучулардын ысык тамагына бөлүнгөн акчанын суммасын көбөйтүү боюнча Финансы министрлигине, жергиликтүү бийликке кайрылып жатканын билдирген Надира Жусупбекова төмөнкүлөргө токтолду:

«Азык-түлүккө болгон баалар өсүп, жеткирүүчү компаниялар кызматташуусун токтоткон. Бул боюнча Каржы министрлигине бир нече жолу кат жөнөткөнбүз. Башталгыч класстарга бир эле жолу тамак берилет. Бул жаатта абал оор, кыйналып жатабыз. Тамак-аш сатып алуу кыйындагандыктан компот менен булочкага өттүк», — деди Жусупбекова.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X