"Эркин-Тоо"

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлдү

Бүгүн, 26-июнда белгилүү болгондой Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Анын талапкерлиги парламентте каралат.

Президенттин Жарлыгы менен Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бүгүн бошотулду. Ал башка кызматка өтөрү кабарланган.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат же дайындалат.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди өз арызынын негизинде кызматынан бошотууга макулдук берди.

Мелис Тургунбаев 2023-жылдын март айынан бери экология министри болуп иштеп келди. Ал «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!