Мэр Насыйкат Баймырзаеванын операциясына жеке колдоо көрсөтөт

14-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Насыйкат Баймырзаевага колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган кайрымдуулук концертине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы жаш таланттын эмгекчилдигин жана өнөрүн жогору баалап, анын эки көзүнө роговица трансплантациялоо операциясын жасатуу үчүн кошумча каражат бөлүүгө даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, концерттен түшкөн каражат жана буга чейин мэриянын резервдик фондунан бөлүнгөн сумма операциянын бардык чыгымдарын толук жабууга жетишсиз болгон. Кошумча чыгашаларды эске алуу менен жетишпеген каражатты жеке өзү жабууга даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаңы жыл алдында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземинде Айбек Жунушалиев Насыйкат Баймырзаевага мэриянын резервдик фондунан акчалай сертификат тапшырган.

Насыйкат Баймырзаева №5 искусство мектебинде, ошондой эле азиз жана начар көргөн балдар үчүн интернатта билим алат. Ал бир катар эл аралык конкурстардын катышуучусу жана жеңүүчүсү.

14-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X