Мэрия: Чүй кең көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 36
Чүй проспектисинин Сүйүнбаев көчөсү менен кесилишкен жери 2-10-апрель аралыгында автоунаалар үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул күндөрү «АкНазЭлБилдинг» аттуу подрядчы компания жылуулук камерасын куруу менен түтүктөрдү жаткырат.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырды.
1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X