Мэрия шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет

Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизе турган болду. Бул тууралуу маалыматты Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков журналисттерге билдирди.

Эске салсак, маршруттук каттамдардын айдоочулары мэрия менен шаардык кеңештин жол кире маселесин көтөрбөй жатканына нааразы болуп, бүгүн 2-июнда ишке чыгышкан эмес. Айдоочулардын талабы — жол кире акысын көтөрүү.

Вице-мэрдин айтымында, муниципалитет азыркы тапта ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултуу аракетин көрүп жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X