Мигранттардын укуктары жана кызыкчылыктары талкууланды
Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева «Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстер» аттуу монографиянын бет ачарына катышты.
Илимий эмгек «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси тарабынан тартылган эксперттердин катышуусунда, БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) техникалык жана каржылык колдоосу менен даярдалган.
Иш-чаранын жүрүшүндө депутат миграция маселелеринин бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна токтолуп, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мигранттардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле миграция тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Талкууда миграциянын социалдык кесепеттери, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана мамлекеттик миграциялык саясатты иштеп чыгууда илимий изилдөөлөрдүн ролу да каралды.
Иш-чаранын соңунда Гульнара Акимбаева миграция жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган практикалык чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.