Милиция кызматкери Айбек Кулов кызмат учурунда каза болду
Бишкек шаарындагы Биринчи май РИИБдин аймактык инспектору Кулов Айбек Кабакбекович каза болду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын капитаны 23-январда жумуш учурунда өзүн жаман сезип, жүрөк оорусу менен дарыгерлерге кайрылган. Аны куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. А.Кулов 1987-жылдын 12-январында Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. 2012-жылдын 6-декабрынан тарта милиция кызматкери катары кызмат өтөп келген.