Милиция кызматкерлери каза болгондон кийин «Эрдик» ордени менен сыйланышты

23-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36

Президент Садыр Жапаров  кол койгон Жарлыкка ылайык бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. III даражадагы Эрдик ордени менен сыйлангандардын арасында:

— Акуналиев Орозмамат Акуналиевич – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын ага тергөөчүсү (өлгөндөн кийин);

— Шамшиев Дилмурат Дарманович – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөөчүсү (өлгөндөн кийин) бар.

Алар 2023-жылы жайында каза болушкан — Төө-Ашуу ашуусунда күйүүчү май ташыган цистернаны өчүрүүгө жардам берип жатып каза болушкан.

23-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X