Милициянын генералы Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду

Кыргыз милициясынын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо
күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2021-жылдын 15-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында 42 км
195 метр аралыкта чуркоо боюнча «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону уюштурулуп, ага дүйнөнүн 35 мамлекетинен келген 3000 ашык спортчулар менен спорт сүйүүчүлөр катышкан. Аталган марафонго кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Киязов Кемелбек Абдыкадырович дагы катышып, 65 жаштан жогорку курактагылар арасындагы категория боюнча күмүш байгеге ээ болду.
Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ал буга чейин 3 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X