«Министрдин кызынын махабаты-4» тасмасы тартылат
Мындан 17 жыл мурда тартылып, экранга чыккан «Министрдин кызынын махабаты» тасмасынын уландысы тартылат. Бул туурасында режиссёр Ырыс Жоомартова билдирди.
Анын айтымында, тасманын уландысын тартуу иштери боюнча талкуу болуп, аталган тасмада башкы ролдорду ойногон актёр, актрисалар жана тасманын режиссёру Рустам Аташов жолугушуу өткөрүшкөн.
Белгилей кетсек, «Министрдин кызынын махабаты» тасмасы Кыргызстанда коммерциялык багытта тартылган алгачкы тасмалардын бири.