"Эркин-Тоо"

Министрликтин иши сынга алынып, милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Акылбек Жапаров өткөн аптада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыйын өткөрүп, министрликтин жетекчилигине бир катар артыкчылыктуу милдеттерди коюп, ведомствонун ишин сынга алды. Министрлер Кабинетинин башчысы бир жыл мурда министрликке коюлган тапшырмалар толук аткарылбай жатканына нааразычылыгын билдирди. Буга чейин да аталган министрлик 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтердин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингде “2” деген баа алган эле.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрдин 6 орун басары эмне иш менен алектенип отурганы белгисиз экендигин баса белгиледи. Республиканын бардык жаратылыш ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн жана эсепке алуунун механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасынын жыйынтыгы болбой жаткандыгына нааразы болуп, ишти тартипке салууга 30 күн убакыт берди.

“Эркин-Тоо” пресс
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!