Министрликтин кызматкерлерине «Иштиктүү кыргыз тили» курсунун сертификаттары тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине «Иштиктүү кыргыз тили» окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.
Окуу курсу Министрлик менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун ортосундагы келишимдин негизинде уюштурулду.
Курстун максаты — кызматкерлердин мамлекеттик тилди колдонуу деңгээлин жогорулатуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү жана кызматтык ишмердүүлүктө тилди натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү.
Бул демилге Министрликтин 2026-жылга карата иш-чаралар планына киргизилип, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жылына эки жолу өткөрүлүп турат.