МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ЖӨНГӨ САЛУУ КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ ЖЕНАЛЫ ОРОЗБАЕВ: “КАФЕ-РЕСТОРАНДАРДА ТАМАК-АШТЫН КЫМБАТТАШЫ КҮТҮЛҮП ЖАТКАН”
2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салынган. Тактап айтканда жаңы жобого ылайык, мындан ары буйрутма баасына кошумча 10-15% тейлөө акысын алууга уруксат берилбей турган болгон. Натыйжада кафе-ресторандар тамак-аштын баасына тейлөө акысы үчүн алынып жүргөн сумманы кошуп алуу фактылары катталып, баалар бир топ жогорулагандыгы байкалууда. Социалдык тармакта мындай көрүнүшкө нааразычылыктар айтылып, жаңы жылдан кийинки баалар менен 2025-жылдагы бааларды салыштырган көп фактылар ачыкталууда. Ал ортодо Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларды кымбаттаткандар мыйзамга жараша жаза алышат деген маалымат таратты.
Тамак-аш тармагы – туруктуу жана ар дайым талапка ээ бизнес экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, акыркы жылдары бул тармакта ишкерлик кылгандардын саны өсүп, кафе менен ресторан жайнап кеткен. Алардын иши жалпысынан жөнгө салынды дегени менен иш берүүчүлөр Эмгек кодексинин ченемдеринде иш алып барышпайт. Оозеки түзүлгөн келишимдер менен ишкерлик кылгандардын көбү кол алдында иштегендердин укуктарын мыйзамга ылайык сакташпайт. Жаңы жылдан тарта мына ушундай кемчиликтер жоюлуп, тармак көзөмөлгө алына баштагандыгын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев билдирди.
— Женалы Байсалович, кафе-ресторан, чайханаларда жаңы жылдан кийин тамак-аштын баасы кымбаттап кеткени тууралуу кабардарсыз да. Сиз жетектеген кызмат абалды жөнгө салуу үчүн кандай аракет көрүп жатат?
— 2026-жылдын 1-январынан тарта тейлөө кызматтарына кошумча 15% тейлөө акысын алууга жол берген норманы алып салуу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому чыккан. Тактап айтканда мурунку токтомдун 141-пунктуна өзгөртүү киргизилди. Эми тейлөө кызматтарын көрсөткөндөр столдорду жасалгалоого, официанттардын тейлөөсүнө кошумча пайыз ала алышпайт. Азыр керектөөчүлөрдөн 15% үчүн алынган акчаны тамактын наркына кошуп салган фактылар келип түшүүдө. Эл жаңы кабыл алынган токтомдон эч кандай деле өзгөрүү болгон жок деп айтышууда. Биз алардын дооматтарын туура түшүнүп жатабыз. Чындыгында эле ошондой абал жаралды. Анткени, бул күтүлүп жаткан нерсе болчу. Бирок, жаңы киргизилген нормага ылайык жакшы өзгөрүүлөр болууда. Мурда кафе-ресторан, чайханаларда тейлөө үчүн пайыздык көрсөткүчтөр ар кандай коюлуп келген. Бирөө 7% десе, экинчиси 15% алып жүрүшкөн. Айрымдар кассалык чектерге пайыздык көрсөткүчтөрдү киргизишчү да эмес. Андай болгон соң, кардардан алынган суммалар официанттарга толук берилчү эмес. Азыр так маалымат пайда болду. Мындан ары официанттар менен эмгек келишимдери түзүлүшү керек болот.
— Жогорулап кеткен баалар жөнгө салынабы?
— Бул тармакта атаандаштык аябай күч. Өзүңүздөр билесиздер, кадам сайын кафе, ресторан, чайхана дегендей. Ким бааны кымбаттатса, ал өзүнө эле зыян кылат. Анткени, кардар чөнтөгүнө ыңгайлуу башка жерден тамактана баштайт. Тандоо жүрөт. Жакын арада баалар калыбына келет деген божомолубуз бар. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо метрологиялык көзөмөл иштейт. Ал көзөмөлдүн негизинде текшерүүлөрдүн планын бекиттик. Бардык коомдук тамак берүү жайларын пландуу түрдө текшеребиз. Эгер алардын нормадан четтеп, мыйзамды сактабай жатышканы аныкталса, айып пул салынат. Соода эрежелерин бузгандыгы, жазылган мыйзамдан четтеп кеткендиги үчүн жооп беришет. Тамак-аштын салмагына чейин текшеребиз.
— Кардарлар жазган арыздарга жооп берип жатасыздарбы?
— Эгер кардар арыз жазып кайрылса, ал тамактануучу жайды капысынан барып текшерүүгө укугубуз бар. Алардын дооматтары далилдене турган болсо, айып пул салабыз.
Жазгүл Кенжетаева