Москвада «Театрдагы түн» ушуну менен онунчу жолу өтүп жатат

24-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 27

Москвада 26-27-март күндөрү «Театрлар түнү» өтөт. Анын алкагында 140тан ашык оффлайн жана онлайн иш чаралары өткөрүлөт. Бул тууралуу Риа новости жазды.

Белгилей кетсек, мындай иш чара онунчу жолу өткөрүлүүдө.

«Программаны Москванын 80ден ашык маданий жайлары даярдашкан. Театралдык искусствонун күйөрмандары үчүн бул кызыктуу спектаклдерди көрүү гана эмес, сахна артына баруу, актёрлор жана режиссерлор менен жолугушуу, квесттерге жана чыгармачылык мастер-класстарга катышуу мүмкүнчүлүгү болот. Иш-чаранын бир бөлүгү кичинекей балдарга арналат”, — дейт Москва шаарынын вице-мэри Наталья Сергунина.

Көпчүлүк жайларда «Театрлар түнү» Москва убактысы боюнча 21:00до, ал эми  балдар үчүн 17:00до башталат.

24-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X