Мотор майын мешке жагуу кооптуу

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Акыркы мезгилде колдонулган мотор майы менен иштеген жылытуучу мештердин жарнамалары көбөйүүдө. Мындай мештер үнөмдүү катары сунушталганы менен, аларды колдонуу айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Колдонулган мотор майын күйгүзүү учурунда абага көө, майда чаң бөлүкчөлөрү, көмүртек кычкылы жана башка зыяндуу заттар бөлүнүп чыгышы ыктымал. Бул атмосфералык абанын булганышына, дем алуу органдарынын жабыркашына жана калктын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мыйзам талаптарына ылайык, айлана-чөйрөнү булгоо булагы болушу мүмкүн болгон калдыктарды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймактарында өз алдынча өрттөөгө жол берилбейт. Мындай калдыктар белгиленген тартипте утилдештирилиши керек.

Ушуга байланыштуу, колдонулган мотор майын жылытуучу мештерде же атайын экологиялык талаптарга жооп бербеген жабдууларда күйгүзүү мыйзам талаптарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана ишкерлерди колдонулган мотор майларын белгиленген тартипте чогултууга жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берүүгө чакырат.

Ошондой эле адистер колдонулган мотор майын жылытуу максатында өз алдынча күйгүзүүдөн баш тартуу зарылдыгын эскертишет.

Айлана-чөйрөнү коргоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X