Муфтият быйылкы жылга битир-садаганын баасын бекитти

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 60

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ага ылайык, быйыл Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелген. Мындан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (1 кг 600 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 717 сом, ун – 56 сом, арпа 103 сом болсо, курманын баасы 596 сомду түздү.

Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерде бере алышат.

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 60
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X