"Эркин-Тоо"

Муфтият: «Куранды курал кылбагыла!»

«Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясий упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла!». Мындай чакырыкты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы таратты.

Муфтият Жогорку Кеңештин депутаттарын саясий упай топтоо үчүн Куранды курал кылуу туура эмес кадам экендигин эскертти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 11-майда өткөн жыйынында казино ачуу боюнча мыйзам каралып, анда депутат Арсланбек Малиев Курандан сөз болуп жаткан маселеге байланышкан аятты окуп берип, «казиного Куранда да тыюу салынган эмес» деген өңдүү пикирин билдирген. Бул коомчулукта талкуу жаратып, бир катар нааразы пикирлер айтылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!