"Эркин-Тоо"

Муфтият Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө турганын кабарлады.

“Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, — деп белгиленген билдирүүдө.

6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылып, «аялдын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттады» деп айтканын көрүүгө болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!