"Эркин-Тоо"

Мугалим менен окуучу кыздын ортосундагы жаңжал

 Сузак районунун Сафаровка айылындагы мектепте окуучу сабалганга чейин аны менен мугалимдин ортосунда уруш чыккан. Кечээ интернетке окуучу кыз класста мугалим тарабынан сабалып жаткан видео жайылган. Кийин окуянын башталышы боюнча видео тарады. Видеодо информатика мугалими 7-класстын окуучуларын урушуп жатат. Кыз отурган жеринен ыргып туруп, агрессивдүү түрдө мугалимине кыйкырып, айтыша баштаганын көрүүгө болот. Соц.тармактарда алгач мугалимди күнөөлөп жаткан көпчүлүктү кийинки чыккан видео таң калтырып, эми кызын тарбиялабаган ата-энеге болгон нааразычылыктарды билдиришүүдө. Ал ортодо мугаалим өз арызы менен жумуштан кеткенин маалымат булактары жазып чыгышты. Билим берүү жана илим министрлиги окуянын себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Жергиликтүү милиция дагы текшерип жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!