Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиев абактан бошотулду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулду.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү көрсөтмөгө өзгөртүлдү.
Жаныбек Бакчиев 2023-жылы ноябрда камакка алынган. 20-февралда сот экс-депутаттын камактагы мөөнөтүн 23-мартка чейин узарткан.
Маалым болгондой, экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталган.