Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу ооруканага жаткырылды

18-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 34

Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) турнириндеги беттешинин алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жатты. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров кабарлаган.

Анын айтымында, Бусурманкулдун ден соолугу салмак түшүрүүсүнө байланыштуу начарлаган.
«Бусурманкул Абдибаит уулу атаандашынын алмашканына карабастан беттешке толук кандуу даярданган. Бирок салмакты түшүрүү убагында таңга маал ден соолугу оорлоп, тез жардам чакырууга мажбур болдук. Азыр ал ооруканада», — деп билдирди Чекиров.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу бүгүн, 18-февралда, Москвада Eagle Fighting Championship (EFC) уюмундагы жарым жеңил салмактагы (65 кг) чемпиондук наамын коргоо үчүн Расул Магомедов менен күч сынашмак. Ага чейин казакстандык спортчу Жасулан Акимжан менен беттешмек. Бирок ал жаракат алганына байланыштуу ордуна уюмдун мурдагы чемпиону Магомедов сунушталган.
Бусурманкул чемпиондук наамды былтыр Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн EFC турниринде алган. Бел курду аталган уюмду негиздегендердин бири, UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзү таккан.
18-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X