“Нүзүп Аталык” тарыхый драмасынын бет ачары өттү

17-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 39

“Сынган Кылыч” тарыхый романынын негизине Мамлекеттик “Учур” жаштар театры “Нүзүп Аталык” тарыхый драмасын сахналаштырды. Кечээ, 16-мартта драманын бет ачары өттү.

Романдын каармандары Нүзүп менен Шералы хан тууралуу эпизоддору атайын тандалып алынгандыгын оюндун режисссёру Эркин Эгембердиев баса белгилеп, Нүзүп Аталык ошол кездеги саясий фигура катары элдин, жердин бүтүндүгү үчүн көп аракеттерди жасагандыгы менен айырмаланып турарын белгиледи.

Анткен менен Аталыктын тагдыры аянычтуу аяктайт.

Театр сүйүүчүлөрү бүгүн 17-мартта Орус драмтеатрынан сахналаштырылган спектаклди саат 15:00до жана 18:00 көрө алышат.

17-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X