Нарын: Медициналык мекемелерге 20 унаа тапшырылды

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 64

Бүгүн, 2-февралда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелердин жетекчилерине 20 кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, автоунаалар облустук оорукана, үй-бүлөлүк медицина борборлору, кургак учукка каршы күрөшүү борбору, соттук-медициналык экспертиза бюросу жана бир катар райондук медициналык мекемелерге бөлүштүрүлдү.

Иш-чарада К.Ташиев саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, калктын ден соолугу өлкөнүн өнүгүүсүндө башкы орунда турарын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарын облусунда медициналык мекемелерде кызматтык автоунаалардын жетишсиздигинен улам калкка ыкчам жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар жаралып келген.

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 64
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X