"Эркин-Тоо"

Нарын облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Узакбаев: “Президенттин кадрдык туура саясаты менен 4 жылдык өсүштөр камсыздалды”

Президент Садыр Жапаровдун өлкө Президенти катары 4 жылдык ишмердүүлүгү Кыргызстандын ичинде гана эмес, эл аралык коомчулук тарабынан да бааланып, бир катар аттуу-баштуу инсандардын пикири менен бекемделүүдө. Өлкө башчыбыздын бул аралыктагы аракетин, өзгөчө кадр саясатын кандай нукта жүргүзүп жаткандыгын белгилүү мамлекеттик, коомдук-саясий ишмер, мурдагы Айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев сыдыргыдан өткөрүп, аксакалдык алгы ойлору менен бөлүштү.

— Эмил Узакбаевич, Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганына толук 4 жылдын жүзү болду. Бул аралыктагы анын кадр саясатына кандай баа берет элеңиз?

— Соңку кездери өлкөбүздө болуп жаткан жетишкендиктер менен жүрөк сүйүнткөн ийгиликтерди, жүргүзүлүп жаткан реформаларды көпчүлүк элибиз көрүп-билип тургандыгы талашсыз. Албетте, мындай ийгиликтерге жетишкендигибиз үчүн Президент Садыр Жапаровдун кадр саясаты да түздөн-түз байланышкан деп эсептейм. Бүгүн турмуш бир аз болсо да жакшырып, мамлекеттик деңгээлдеги чоң-чоң долбоорлор ишке ашырылып, ИДПнын көлөмү 1,5 триллион сомго жетиши, мамлекеттик казынанын 7 миллиард сомго өсүш алышы чындыгында түшкө кирбеген окуялар болууда. Мындай ийгиликтерге албетте, Президенттин саясий эрки менен чечкиндүүлүгү жана тобокелчилиги чоң түрткү болду. А эң чоң себеби, сиздин суроодо баса белгиленгендей, кадр саясаты жогорудагыдай ийгиликтерге башкы себеп болду. Бүгүн Президентке колуна кол, бутуна бут болуп, жан-алакетке түшүп иштеп жаткан мыкты кызматкерлер менен саясатчылар бар. Мындай катмардагылардын сап башында өлкөбүздүн укук коргоо, коопсуздук органдарын тейлеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турат. Ал күнү-түнү өмүрүн тобокелге сала иштеп, башын канжыгага байлап коюп чапкылап иштеп жаткандыгынын жыйынтыгын жумурай журт көрүп турат. Анын ишинин жыйынтыктарын айтып, санай келгенде көп сөз чыгат. Башкысы, мамлекеттүүлүгүбүздүн түпкүлүгүн ойлоп, армиябызды күчтөндүрүп, курал-жарак менен камсыздандырып, чек ара көйгөйлөрүн чечип, уюшкан кылмыштуулук, жемкорлук менен күрөшүүнү колго алып, өлкөбүздө тартип орнотуу жагынан Камчыбек Ташиевдин салымы өтө чоң. УКМКнын төрагасынан тышкары өкмөт курамында өлкө жетекчилигине жакындан жардам берген, өз ишин билген азаматтарыбыз да жок эмес. Өлкөдөгү жетишилген ийгиликтер Президент Садыр Жапаровдун кадр саясатынын туура нукта жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы деп билем. Буга удаа кадр саясатындагы айрым бир калпыстыктарга жол берилип жаткандыгын да жашырбашыбыз керек.

— Мисалы?

— Соңку 4 жылдын ичинде айрым орчундуу министрликтердин жетекчилеринен тажрыйбасы, даярдыгы жок чоң кызматка келгендери болду. Алтургай айрым министрлер “колу туткактыгы” менен кармалып кеткендеричи? Бул жагынан да мисалдар бар. “Адам аласы ичинде” – дегендей, айрымдарды кызматка алып келээрде алардын ичинде эмне ой бар экенин Өлкө башчысы албетте билген эмес. Ошондуктан, пендечилик да болуп калууда. Маселен, башкы прокурор алмашканына бир топ убакыт болуп баратат. Мыйзам көзөмөлдөөчү органдын башчысы катары анын кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгы коомчулукка анчейин билинген жок. Ал башкы прокурор катары Президентке колуна кол, бутуна бут болушу керек эле да, туурабы? Ал мындай миссияны толук аркалап жатабы? Бул жагына коомчулук тараза болсун. Мен аксакал катары Садыр Жапаровго кадр саясатынан жаңылыштык кетирбесе деген ак тилегимди гана каалайт элем.

— Азыркы бийликтин учурунда дал ушул кадр саясатындагы мен байкаган бир өзгөчөлүк, буга чейинки ар бир бийликтин тушунда өкмөт башчылык жыл айланбай “кол жоолуктай» алмашып келсе, Президент Садыр                           Жапаровдун учурунда бул көрүнүшкө олуттуу мамиле жасалып, туруктуулук орногондугун сиз деле танбасаңыз керек?

— Садыр Жапаров өлкөнүн тизгинин алган алгачкы убактарда өкмөт башчылык боюнча туруктуулук анчейин болгон жок. Бул эми ошол убактардагы өлкөдөгү олку-солку оор саясий кырдаалдардан улам болсо керек. Аныгында өткөөл мезгилде “жоктон бар кылган” чечкиндүү жетекчилер керек. Билесиңби иним, жакшы адам болот, бирок, жакшы жетекчи болбойт. Мисалы, өкмөттүн мурунку жетекчиси Акылбек Жапаров бул өзгөчө талантка ээ феномен болгон. Биз анын бул талантын кааласак, каалабасак да моюнга алышыбыз керек. Баарыбыз таң калып жаткан Кыргызстандагы экономикалык өсүшкө анын салымы чоң. Ал эгемендүүлүк алгандан кийинки Кыргызстандын өкмөт башчыларынын тарыхында сенин соболуңда айтылгандай, Апас Жумагуловичтен кийин эң узак иштеген өкмөт башчы катары калып, бул куттуу орунга Өлкө башчынын ишеними менен көбүрөөк иштеген жетекчи катары эсте калды.

— Күч органдарынын, дегеле жалпы формачандардын  анабашындагылардын алды өз тармактарын жетектеп жатышканына 4 жылдан ашып, бул жагынан да салыштырмалуу “рекорддук” көрсөткүчтөр жаңыланыптыр. Мындай туруктуу кадр саясаты иштин натыйжалуулугун гана арттырат да, туурабы?

— Ооба, бул тармактагы кадрдык туруктуулуктун натыйжасы менен кандайдыр бир деңгээлде натыйжалуулугу болду деп эсептейм. Буга удаа кээ бир органдардын, ошол эле Ички иштер министринин 4 жылдан ашуун иш-аракетинде кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарды жасагандыгы байкалбайт. Албетте, кадрдык саясаттагы туруктуулук да иштин натыйжалуулугун арттырат деңизчи. А бирок, туруктуулук деп эле айрым ишине кашаңдык кылган кадрларды кармаштын анчейин деле мааниси жок болсо керек.

— Тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер катары Президентибизге дал ушул кадр саясаты боюнча кандай кеп-кеңешиңизди билдирет элеңиз?

— Эң ириде кадр саясаты 3-4 маселеге барып такалат. Биринчиден, жетекчилик орунга келген министр болобу же агенттик жетекчисиби, ким болбосун өз ишинин майын чыгарган профессионал адис болушу керек. Биз кадрларды Кыргызстандын өзүндө гана эмес, чет өлкөдөн да тарбиялай билишибиз зарыл. Соңку 10-15 жылдан бери кадрдык саясат десе эле “бийлик бутактарына жаштар келишсин” деп чыгышчу болду. Андай жаштарга биринчи бийлик бутактарынан тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берип, анан карьералык өсүшүнө жол чабышыбыз керек. Тилекке каршы, биздин жаштарга бийлик бутактарынан тажрыйба топтоого көп учурларда мүмкүнчүлүк берилбей калууда. Аныгында бийликтин бардык бутактарына тажрыйбалуу мамлекетчил ишмерлер менен жаштар тартылышса, алардын бийик тажрыйбасын, жаштык жигерин өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жумшап алсак, мунун өзү мамлекетибиз үчүн утуш гана болот.

— Соңку 4 жылдан бери мамлекеттик кызматтарга, өзгөчө район, облус жетекчилигине чейин кадрларды Мамлекеттик кадр кызматынын сынагы аркылуу кабыл алуу жараяны жүрүп жатат. Мындай кадр саясаты өзүн канчалык деңгээлде актайт деп ойлойсуз?

— Менин жеке оюмда, мындай практика өзүн актабайт. Мамлекеттик кадр кызматы компьютердик система аркылуу алган сынакта теорияны жакшы окугандар өтүшү мүмкүн. Бул жерде суроолорду түзгөн жагын да башкача кылып иштеп чыгуу зарыл. Сынактан өткөнү менен, мамлекеттик кызматтан жакшы иштебей  жаткандар дагы болууда. Ошол эле маалда мамлекеттик кызматтан тажрыйбасы бийик, эл менен сүйлөшүп, жакындан жакшы иштешкендер, чарбачылыкты түшүнгөндөр кадр кызматынын компьютердик сынагынан өтө албай калган көрүнүштөр болууда. Министрлер менен жетекчилик кызматтагылар айрым күчтүү адистерди мамлекеттик кадр кызматынын сынагынан өтүп келмейин ишке ала-албайм дешип, алакан жайып отурушат. Сынактан өтүп, кадрлардын резервинде тургандар 4-5 жылдап кызматты саргара күтүп, креслого жетпей отурушат.  Ошондуктан, мындай эреже-сынактарга өзгөртүү киргизип, өзгөчө реформаларды жасоо бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы болууда. Мындай шартта албетте, билим деңгээли биринчи орунда турушу керек. Биздин Президентти эл шайлайт. Эл шайлаган Өлкө башчысы кайсы бир министрди кызматка дайындаса, ал министр катардагы кызматкерди ишке ала-албайт экен. Президент министр кылып жаткандан кийин, өлкө башчысынын колуна-кол, бутуна-бут болуп иштөөсү үчүн ошол жетекчиге мүмкүнчүлүк беришибиз керек да. Анан эле күчтүү кадрды сынак аркылуу өтүп кел деп министр жөнөтсө, анысы сынактын жарыяланышын күтүп, сынакка катышып, өтүп калса экинчи этабын күтүп, анан резервге тургуча 5-6 ай өтүп кетет экен. Айрым министрликтеги штаттар ошентип 5-6 айлап бош тураары айтылууда. Бүгүн сырттагы заман ыкчамдыкты, оперативдүүлүктү талап кылып жатса, биз сынак аркылуу 5-6 айлап кадрлардын жолун тосуп жаткан жокпузбу? Макул, ошол эле компьютердик сынактан бийик балл алып, кызматка келгендер ишке келгенде иштей албай жатышканы бүгүн ачык айтылууда. Ошондуктан дагы айтам, министр маселе чече алышы керек. Ачык айтыш керек, бүгүнкү Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, министрлер кадр маселесин сынаксыз чече алышпайт. Ошондуктан, бул тармакка кечиктирилгис олуттуу өзгөртүү, реформалар керек экенин тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер катары айткым келет. Биз заман агымынан артта калбашыбыз кажет.

 

                                                                                                               Калыгул Бейшекеев

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!