Нарын ОИИБнин начальниги Жумгал районуна барды
2022-жылдын 16-март күнү Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын облусунун прокурору Эркингүл Урдалетова менен биргеликте Жумгал районуна барып бир нече иш-чараларды уюштуруп жеринде эл менен жолугушууларды өткөрүп келишти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуулар Чаек айылындагы “Нур-Булак” балдар үйүндө, Молдокеев атындагы орто мектебинде, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлүп, район аймагында катталып жаткан кылмыштар анын ичинен мал уурулук фактылары тууралуу сөз болгон. Андан тышкары Президенттин жарлыгы тууралуу ысырапкерчиликке жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
