"Эркин-Тоо"

Нарын районунун тургуну Бишкектеги медициналык-социалдык экспертизалоо борборунда иштеген кызматкер 14 миң сом талап кылганын айткан.

Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкери опузалап акча талап кылганга шектелип кармалды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, адисти кармоо учурунда жанынан 14 миң сом алынган.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, экспертиза борборунун кызматкеринин үстүнөн 3-февралда арыз түшкөн. Анда Нарын районунун тургуну Бишкектеги медициналык-социалдык экспертизалоо борборунда иштеген кызматкер 14 миң сом каражат талап кылганын айткан.
Бул окуяда 208-берененин 1-бөлүмүнүн белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголгон.
«Атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 16-май күнү Нарын облустук биргелешкен оорукананын короосунда Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкери 14000 сом алып жаткан учурда Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды.
Кармалган адис 45 жаштагы А.К. экени, Бишкек шаарында убактылуу жашап жатканы такталды. Нарын шаардык соту тарабынан шектүүнүн кармалгандыгы мыйзамдуу деп деп табылып, эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылды.
Ал эми арыз ээсинин 18 жаштагы кызынын оң кулагынын угуусу туубаса начар болгондуктан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мындан сырткары анын акыл-эсин текшерүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда», — дешти маалымат кызматынан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!