Нарында дайынсыз жоголгон кишинин кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылды

30-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 33

Нарында 80 жаштагы эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-июнда Нарын шаарынын 1942-жылы туулган Т.Ж. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу куткаруучуларга маалымат түшкөн. Аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган.

«Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 30-июнда издөө иштери улантылат», — дешет мекемеден.

30-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X