Ниязбеков Өзбекстандын элчиси менен жолукту

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

ИИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана башка заманбап коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.Возможно, это изображение текст

Улан Ниязбеков элчини дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга жана эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X