Ноокатта электр тармактарынын имаратынын курулушу токтотулду

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында Ош электр тармактары ишканасы үчүн курулуп жаткан имараттан мыйзам бузуулар аныкталды. Курулуштагы кемчиликтер үчүн «Сондер» ЖЧКсына 35 миң сом айып пул салынып, иштер убактылуу токтотулду.

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө кыш кыноо иштери долбоордук талаптарга жооп бербегени жана пайдубалды курууда кемчиликтерге жол берилгени белгилүү болду.

Натыйжада долбоордун талаптарына ылайык тизилбеген кыштар буздурулду. Ошондой эле пайдубалдын сапатын жана бекемдигин аныктоо үчүн Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунан техникалык корутунду алуу талабы коюлду.

Техникалык корутунду алынганга чейин курулуш иштери токтотулду.

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X