Ноокатта ок атуучу курал саткан жаран кармалды

24-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 33

Ноокатта “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу курал саткан жаран кармалды. Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-июнь күнү Ноокат РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан «Арсенал» аталыштагы иш-чаранын жүрүшүндө Ноокат районүнүн аймагында “М” аттуу атуул мыйзамсыз түрдө ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү боюнча маалымат алынган.

Бул маалымат Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-беренесинин 1-бөлүмү менен 2022-жылы 21-июнь күнү кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилип, ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө “М” аттуу атуулдун өздүгү аныкталган. Ал, Кара Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги, жогорудагы атуулдун үйүндө дагы ок атуучу курал сактап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Андыктан, аталган даректе кылмышка тиешеси бар мыйзамсыз сакталган буюмдарды жана ок атуучу куралдардардын жок болуп кетишине реалдуу коркунуч пайда болгондуктан, кийинкиге калтырууга болбогон жагдайларга байланыштуу тинтүү жүргүзүүлгөн. Жашаган жерине тинтүү жүргүзгөн учурда төмөндөгү ок атуучу куралдар табылган: 2022-жылдын 22-июнь күнү Вищинко дачасында кылмышка шектүү 18000 сомго сайсыз ок атуучу куралды сатамын деп акча каржатын алып, өзүнүн тууганы М.Н. аттуу жарандан 10 000 сомго ок атуучу куралды сатып куралды үйүнө алып кирип кеткен жеринен О.К. аттуу жарандын турак жайы жана чарбалык курулуштарына кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп жанынан 8 000 сом акча каражаты , андан сырткары короосундагы сөөрүсүнүн үстүнөн килемдин алдынан бир даана сайсыз кыркылган абалдагы курал жанынан 3 даана патрон, андан сырткары гильза, затвор, ствол табылып алынган.

Жогорудагылардын негизинде кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

24-июнь, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X