Ноокендеги социалдык шаарчанын курулушу 90 пайызга аяктады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылындагы 100 батирлүү социалдык турак жайлардын курулушу 90 пайызга аяктап, соңуна чыгуу алдында турат.

Бүгүн шаарчадагы иштердин жүрүшү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таанышып чыкты.

Облус өкүлү айылдагы коомдун аярлуу катмарындагы муктаж, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бул ири долбоордун алкагында курулган социалдык турак жайларда, бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Мында муктаж жарандар үй менен камсыз болуп, жумуш орундары да каралган. Учурда шаарчада 100 орундуу тигүү ишканасын жана нан бышыруучу цехтин курулушу да аяктап калды. Ага катар ФАП, мечит, дүкөн жана кичи футбол аянтчасы да бар.

Демилге «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Жаңылыктар 41

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X