Нооруз – кыргыздын касиеттүү майрамы
Жаз мезгили келгени күн менен түн тогошкон 21-март Нооруз майрамын баладан баштап карыяга чейин күтүп, ага даярдык көрүшөт. Себеби, бул күнү салтка айланган ырым-жырымдардын баарын аткарып, тиешелүү деңгээлде майрамды тоссоң жыл бою аманчылыкта, токчулукта болосуң дешет. Замандын талабына жараша адамзаттын идеологиясы өзгөрсө да, Нооруз майрамды өткөрүүдөгү каада-салттар ошол эле бойдон сакталып келет. Мисалы, арча түтөтүп үйдү аластоо, сүмөлөк кайнатуу, жыт чыгарып боорсок, май токоч жасоо. Азыркы мезгилде Нооруз майрамын жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү мамлекет тарабынан да колдоого алынган.
Жер-жерлерде кыргыздын ак өргөөсү болгон боз үйлөр тигилип, дасторкондо кыргыздын нукура даамдары даярдалып коюлат. Үйлөр эле эмес, мал кармаган жайлар, унаалар, ал эми шаарда кызматкерлер кызмат ордуларын да арча түтөтүп тазалашат. Ар бир инсандын бул салттарды аткаруусу Нооруз майрамынын касиеттүүлүгүн далилдеп турат. Ай менен күн тогошкон бул күнү арчанын жыты буркурап, адамдар эле эмес дегеле бүт аалам тазаланат.
“Алас, алас, ар балээден калас” деп арчасын түтөтүп аралап баскан ак элечекчен апа Нооруз майрамынын эмблемасы катары көрүнөт.
Нооруз майрамында жасалчу каада-салттардын негизгиси – бул сүмөлөк бышыруу. Ноорузду сүмөлөксүз элестетүү мүмкүн эмес. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Анын бири, илгери-илгери ачарчылык каптап, энелердин айласы кетип ар кимиси колунан келгенин алып келип казанга салышат. Бирөөсү ун, экинчиси май, дагы бири талкан алып келет. Бир убакта казан кайнайын деп калганда, көп балалуу жесир аял ”Менин эч нерсем жок, бирок, кур эмесмин“ деп казанга тогуз топ-томолок таштарды салып ийген дешет. Сүмөлөк бышырганда 41 таш салуу салты дал ушундан калган.
Салттуу тамак сүмөлөк кантип даярдалат?
Ноорузга 15-20 күн калганда буудайды сууга чылап, көптүрүп, таза жерге жаап коет. Убак-убагы менен үстүнө суу чачып туруу зарыл. Буудай ар бир адамдын ниетине, пейилине жараша өнөт. Эгерде буудай 3-5 күндө өнүп чыкса, аны өндүргөн адам эң жакшы, телегейи тегиз, төрт тарабынан төп келишкен адам экени билинет.
Өнгөн буудайды эт туурагычтан өткөрүп, суудан кошуп маңызын чыгарат. Бул актык суу деп аталат. Андан соң ага бир чыныга 3 чыны өлчөмүндө ун кошулат.
Кандай ырымдар колдонулат?
Казанды отко асканда адегенде боорсок, 21 же 41 май токоч жасап элге таратылат. Андан соң казанга теңме-тең, канча буудай өндүрүлгөн болсо ошончо өсүмдүк майы куюлат. Ун менен өнгөн буудайдын аралашмасы куюлган соң 41 таш салынат. Сүмөлөккө таттуу даам бериш үчүн өрүк, мейиз абдан майдаланып анан кошулат. Сүмөлөк даярдоодогу дагы бир маанилүү жана өзгөчө салттын бири бул – ар бир адамдын катышуусунун зарылчылыгы болуп эсептелет. Сүмөлөктү кайнатып жатканда аны каалаган адам аралаштырып, сөзсүз кол тийгизиши керек. Себеби, аралаштырып жатканда адам өзүнүн тилегин, каалаган максатын, ойлогон оюн айтса, алар кабыл болот деген ишеним бар. Казандагы сүмөлөк 10-12 саатка чейин кайнатылып, ага 7 жолу актык суу куюлат. Андан соң казанды жаап кымтылап коюу керек. Сүмөлөктү бышырган үйгө ал жылы сөзсүз ырыскы келет. Бул үйдө дасторкон жайылып, айыл аксакалдары чакырылып, мал союлуп, казан асылат. Дасторкондо жети түр даам болушу шарт. Маркумдарга куран окулуп, бата берилген соң, сүмөлөк ачылып, аны эң биринчи аксакалдар ооз тийип, бата беришет. Сүмөлөк түнү бою бышырылат, ыр ырдалып, оюн-зоок уюштурулуп, төкмө-акындар ырдап, Нооруз таңы күлкү-шаң менен тосулат. Бул алдыдагы жылдан ынтымакты, тынччылыкты, токчулукту, молчулукту тилеген кыргыз элинин жөрөлгөсү. Андыктан, касиеттүү Нооруз майрам кыргыз калкына кут болсун!
№27 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 18-марты
Астра АКЫЛБЕК кызы