Нооруз майрамында бир тонна сүмөлөк кайнатылат

11-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 56

Быйылкы Нооруз майрамы Баткен облусунда республикалык деңгээлде өтөт. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Мурзаева билдирди.

Баткен шаарынын Борбордук стадионунда өтө турган салтанатка президент Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө. Ошондой эле, майрамдын урматына 1 тонна сүмөлөк кайнатылат.

Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан 16 млн сом бөлүү каралып жатат.

11-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X