Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү мекемесиндеги жаш балдарга оюн-зоок көрсөтүлдү
Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңеши Новопокровкадагы №3- түзөтүү мекеменин аянтында атайын кооздолгон «Эң жакшылыктын баары балдарга!» деген ураандын алдында оюн зоок өткөрдү.
Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңеши ЖАКнын имаратында пенитенциардык тутумдун ардактуу кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүлүп, азык-түлүк да тапшырган.
Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кичинекей үй-бүлө мүчөлөрү үчүн түрдүү спорттук оюндар уюштурулуп, кызыктуу старттардын жыйынтыгында таттуулар жана жагымдуу белектер берилди. Ошондой эле карылардын да көңүлүн алышты.
«Бул кайрымдуулук майрамына “Атадан балдарга” жана “Ынтымак береке” коомдук фонддорунун активисттери тартылды. Бул үчүн аларга чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз», — деп билдирет маалыматта.
