Дүйнөдөгү аба ырайын байкоо тарыхында 2024-жылдын ноябрь айы  жылуу ай болду. Бул тууралуу Европалык “Коперник” кызматы билдирди.

Кызматтын маалыматына ылайык, 2024-жылдын ноябрында глобалдык орточо температура деңгээлден 1,62°C жогору болгон. Бул 2023-жылдын ноябрынан кийин экинчи орунда.

“2024-жыл деңгээлден 1,5°С ашкан рекорддук эң жылуу болору дээрлик анык”, — деп белгиледи кызмат.

Бул жыйынтыктар дүйнө жүзү боюнча спутниктерден, кемелерден, учактардан жана метеостанциялардан алынган миллиарддаган өлчөөлөрдүн негизинде чыгарылган.